• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки сутка ичинде үй-жайсыз 31 адам убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери суукта туруктуу жашар жери жок жарандарга жардам көрсөтүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, каар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашарга үй-жайы жок жарандардын айрыкча түн ичинде көчөдө суукта тоңуп, же үшүп калып калган фактылары көп катталууда. Бул боюнча Бишкек ШИИББнин “102” кызматына да жарандар тарабынан көп кайрылуулар келип түшүүдө.

Мына ошондой туруктуу үй-жайсыз калган жарандарга карата милициянын кайгуул кызматы өз убагында ыкчам жардамын көрсөтүп, эки сутка ичинде сууктун күнүндө алардын убактылуу баш калкалаган жерлеринен, көчөлөрдө тоңуп калган жерлеринен, жер астындагы ысык суу өтчү суу түтүктөрүндө баш калкалаган жерлеринен, ошондой эле кабат үйлөрдун астындагы подъезде, жана чоң көпүрөлөрдүн астында убактылуу баш калкалаган 31 үй-жайсыз жарандарды аныктап, аларды “Коломто” муниципалдык жайына жеткиришти. Ал жерден бул жарандар ыссык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардамдарды ала алышат.

“Бишкек милициясынын кайгуул кызматы жарандарды үй-жайсыз калган адамдардын көчөдө үшүп, же тоңуп калган фактыларын байкаса дароо “102” кызматына кабарлоого чакырат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий