• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономика жана коммерция министри “Бишкек” ЭЭАсында көчмө жыйын өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы дирекциясында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, ЭЭА Инвесторлор Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өндүрүүчүлөр туш болгон көйгөйлөрдү талкуулаган жумушчу жыйын болуп өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, министр ишканаларды текшерип, "Бишкек" ЭЭАдагы абал тууралуу маалымат алды.

Жолугушууда белгиленгендей, өлкө жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык, ЭЭА субъектилеринин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп, жакынкы аралыкта эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгып, кабыл алынмакчы.

Ошондой эле "Бишкек" ЭЭАнын башкы дирекциясынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү туруктуу негизде мониторингге алынат.

Муну менен катар бизнес өкүлдөрү “Эркин экономикалык зоналар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Министр "Бишкек" ЭЭАнын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле менеджментти жакшыртуу зарылдыгын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий