• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Капитал-социализмден, социал-капитализмге өтүү процесси башталды (видео)

Маек 0


Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Садыр Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бешинчи президент. Ал азыр бешинчи республиканы куруп жатат. Мындай пикирин саясат таануучу Бакыт Бакетаев "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, Аскар Акаевдин президенттик учурунан тартып, Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин Кыргызстан капитал-социализм багытында жашап келсе, азыр социал-капитализм багытына өттү.

"Мунун айырмасы абдан чоң. Менчиктештирилип кеткен башаламан мүлктөрдүн кайрадан мамлекетке кайтарылып жатышын далил катары мисал келтирсек болот. Мындай мисалдар толтура, ошол эле Кумтөр кенин да айтсак болот. Мамлекеттик символдордун бири болгон мамлекеттик туунун өзгөрүлүшүн жаңы багыттын символу катары кабыл алганыбыз туура болот. Ал эми төңкөрүш жасоого аракет кылгандарды ошол жаңы багытты кабыл алгысы келбегендер десек болот", - деген пикирин билдирди Бакетаев.

Пикир

Оставить комментарий