• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катар кайрымдуулук уюму калктын муктаж катмарына ооз ачар өткөрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Катар кайрымдуулук уюму Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин каржылоосу менен элибиздин муктаж катмарына кайрымдуулук ооз ачар өткөрүп жатат.

Ооз ачар 150 атасыз балдар 40 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана 40 кары адамдарга өткөрүлгөн. Иш-чара Катар мамлекетинин КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мухаммад Бин Арар Анъаими демилгеси алдында өтүүдө.

Белгилей кетсек Катар кайрымдуулук уюму Кыргызстанда 6 жылдан бери иш алып барууда. Уюм тарабынан бул аралыкта 8 ФАП (фельдешдик акушердик пункт) жашоо шарты начар жакыр үй-бүлөлөргө баардык шарттары менен 4 үй куруп берилди. Ошондой эле 2000ден ашык атасыз балдарга ай сайын жөлөк пул төлөнүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий