• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда бороон аралаш кар жаап, 20 миңден ашуун абонент жарыксыз калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Түркстан облусундагы Кентау жана Арыс калааларында, ошондой эле Байдибек, Отырар, Ордабасы райондорунда жыйырма миңден ашуун абонент жарыксыз калды. Бороон аралаш жааган кардан кийин электр зымдары үзүлүп, мамылар кулаган.

«Оңтүстік Жарық Транзит» компаниясынын өкүлү электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматтар 13-марттан баштап келе баштаганын билдирди.

Борошодон кийин аймакта температура төмөндөгөн. Трассадагы жарык мамылары кулап, жолдо тыгын пайда болгон.

«14-мартта Кентау шаарында жарык толугу менен калыбына келтирилди. Ал эми Байдибек, Отырар жана Ордабасы райондорунда жумуш жүрүп жатат», – деди Жаксыбаев.

Түркстан облусунун акимчилиги Кентау шаарында жылуулук станциясы иштен чыкканын билдирди. 14-март күнү күндүз калаада жылуулук кайра кошулган. Жалпысынан эки шаар жана үч райондо миңден ашуун мамы кулаган.

13-мартта Түркстан облусундагы катуу шамаал жана кардан улам аймактык жана республикалык деңгээлдеги бир нече жол жабылган.

Пикир

Оставить комментарий