• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Шаар тургундарынын көйгөйлөрү чечиле баштады

Коом 0


Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кечээ, 18-октябрда тийиштүү жетекчилердин баарын чогултуп, шаар боюнча кыдырып жыйын өткөргөн.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, анын алкагында Курманжан Датка аймактык кеңешине караштуу студенттер шаарчасындагы (Юго-Восток) тургундар аялдаманын алдында иригациялык түтүктөрдү алмаштырып, казган боюнча таштап кеткен жерди көрсөтүп даттанышкан. Шаар башчысы жеринде тапшырма берип, аз күндүн ичинде бүтүрүүнү милдеттендирген болчу.

Бүгүн, 19-октябрда аялдаманын алдындагы казылган жерди калыбына келтирүү иштери жашылдандыруу жана көрктөндүрүү камбинаты тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий