• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулат

Коом 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйынга Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш жана башка жакынкы айылдарынын 50дөй тургуну катышты.

Жолугушуунун катышуучулары 7-8-августта болуп өткөн окуялар тууралуу айтып беришип, бир катар суроолорду узатышты.

Мамкомиссиянын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Райымкулов жашоочулар тарабынан айтылган тынчсызданууларды түшүнө турганын белгиледи.

«Мамкомиссия бул окуянын жагдайларын аныктоо максатында бардык кызыкдар тараптарды угуп жатат. Комиссия объективдүү иштөөдө, тийиштүү корутунду дагы берилет», – деди эл өкүлү.

Комиссиянын кийинки жыйыны 1-октябрда өтөт. Анда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулат.

Пикир

Оставить комментарий