• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин катчысы Матраимовдун мүлкү узак текшерилип жаткандыгынын себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү узак текшерилип жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

Сагынбаев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында текшерүүнүн узакка созулганын банктык жана мүлк боюнча текшерүүгө көп убакыт керек экени менен түшүндүрдү.

«Биз бул текшерүүлөрдү бир гана Матраимовго карата эмес, 2018-жылы башталган декларациялык кампаниянын алкагында жүргүзүп жатабыз. Дээрлик 10 миңге жакын адам текшерилүүдө», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий