• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Акыйкатчысы кайрылмандардын укуктарын бузган Мамкаттоонун кызматкерлерине чара көрүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысы Токон Мамытов кайрылмандардын укуктарын бузган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине чара көрүүнү сунуштады.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандыгын алуу учурундагы укуктарынын бузулгандыгы тууралуу Кытай жарандары, этникалык кыргыздар 1951-жылы туулган Ш. Б. жана анын жубайы 1954-жылы туулган Н. А. кайрылышкан.

Алардын арыздары менен таанышууда жана өздөрү менен болгон сүйдөшүүдө аныкталгандай, алар 2016-жылы Кытайдан тарыхый мекени Кыргызстанга туруктуу жашоого келип, КР өкмөтүнө караштуу Миграция кызматы тарабынан аларга кайрылман макамы (статусу) 2017-жылы 30-майда берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылдын 30-майына чейин узартылып берилген.

2019-жылдын ноябрь айында Ш.Б. Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга кайрылып, анын арызы, документтери 2019-жылдын 22-ноябрында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине жөнөтүлгөн.

Ал эми Н.А. Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө КР жарандыгын алууга кайрылып, анын арызы жана документтери 2019-жылдын 13-декабрында кабыл алынгандыгы тууралуу тактама берилген.

9 ай өткөндөн кийин КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Ш.Бынын. документтерин кайра жаңылоого Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө жөнөткөн.

Ошондой эле Н.А. Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү тарабынан арызы жана документтери кайтып келгендиги тууралуу 2020-жылдын август айында билдирүү алган.

Ш.Б. жана Н.А. жарандыкка тапшырган учурда документтери так болуп, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга арыздары кабыл алынган.

Ушул мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө жана КР президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө” жобонун 46-пунктуна ылайык “калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар КР жарандыгы маселеси боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 30 күндөн ашпоого тийиш” деп көрсөтүлгөн.

Демек, келип түшкөн арыздар өз убагында каралбай, мыйзамдын талаптары одоно бузулуп, КР президентинин алдындагы жарандуулук иштери боюнча комиссиясына алардын жарандык алуу тууралу арыздары жөнөтүлгөн эмес.

Натыйжада, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан, же болбосо өз милдеттерин так аткарбагандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн кайрылмандардын жарандык паспортторунун мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгына кайрадан тапшыра албай жатышат. Алардын кайрылуусу боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги алардын паспортторун жаңылап берүүдөн баш тарткан. Ал эми Кыргызстанда алардын кайрылмандык укуктары чектелип калган.

КР Акыйкатчысы КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.Мамбеталиевге Көңүл буруу актысын жолдоп, анда Кытай Эл Республикасынын жарандары, этникалык кыргыздар, Ш.Б. жана анын жубайы Н.А. бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында паспортторун жаңылоого жана кайрылмандык күбөлүктөрүн узартууга көмөк көрсөтүүнү жана Ш.Б. жана Н.А. укуктарынын бузулушуна жол койгон кызматкерлерге тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий