• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен Беларусь жеңил өнөр жайдагы кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 28.11.18 /Кабар/. “Беллегпром” концернинин төрагасы Николай Ефимчик “Легпром” ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов баштаган Кыргызстандын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу БЕЛТА билдирди.

Жолугушууга кыргыз тараптан Кыргыз өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти Жыргалбек Сагынбаев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канымет Осмонбеков дагы катышты.

Жолугушуу учурунда жеңил өнөр жай тармагындагы өз ара аракетти өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий