• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов/Ибраимовдун соту: Жактоочулардын бири акыйкатчы Үмөталиеваны отурумга кайтарууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.19 /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочулардын бири Токтайым Үмөталиеваны коомдук коргоочу катары кайра отурумга кайтарууну өтүндү. Калган жактоочулар бул маселени соттун кароосуна калтыргандыктарын билдиришти.

Ал эми прокуратуранын өкүлдөрү Үмөталиева жактоочулук ишмердүүлүккө ээ эмес, ошондуктан аны кайтаруу мыйзам бузуу болуп саналат дешти.

Отурумда төрагалык кылган судья К.Касымбеков бул суранычты канааттандыруусуз калтырган.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий