• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада волейбол ойногонго чогулган балдарды полиция кармап кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Москвада волейбол ойногонго чогулган болжол менен 40 баланы полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирет.

Толкунбай Акматов аттуу мигрант WhatsApp'та топ ачып, жердештерин районундагы спорт аянтчаларынын биринде волейбол ойноого чакырган.

"Мигранттар оюн жерине келгенде, аны көргөндөр дароо полиция чакырышкан. Жоон топ полиция кызматкерлери келип Акматов менен анын досторун кармап кетип, бөлүмчөгө алып барышкан. Ал жактан суракка алып, кое беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий