• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курсан Асановдун айдоочусу эки айга камакка алынды

Коом 0

Бишкек 26.08.19. /Кабар/. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу Пайзылда уулу Дамирбек №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Пайзылда уулу Дамирбек 23-октябрга чейин тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, Пайзылда уулу Дамирбек – ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Ал 23-август күнү, мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапташтарына ишке мааниси бар документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз берүүгө катышкан деп шектелип кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий