• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар таяк тартыш боюнча АКШда өткөн мелдеште 5 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча АКШда өткөн Olimpiya World Championship мелдешинде беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Эл аралык мелдеш 16-17-декабрь күндөрү Лас-Вегас шаарында өткөн.

Кыргызстандык спортчулар эки алтын, үч күмүш медаль утуп алды: Келдибек Атайбек уулу жана Дилбара Иманканова алтын медаль тагынды. Ал эми Азамат Асанов, Дильдора Рахмонова жана Элза Абдыкадырова коло байгенин ээлери болушту.

Мелдештин алкагында спорттун 20дан ашуун түрү боюнча беттештер өтүп, анын ичинде мас-рестлинг биринчи жолу өттү.

Пикир

Оставить комментарий