• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында бир жумада 269 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аныничинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 77;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 890;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 221;
  • авто ээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 507;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 370

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 842 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий