• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Сууда 68 жылдан бери каралбай келген ири канал ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Ак-Сууда 68 жылдан бери каралбай келген ири канал ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, инфраструктураны модернизациялоо жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында аталган суу каналын капиталдык оңдоо иштери аяктады. Аталган ирригациялык курулма 1956-жылы пайдаланууга берилип, андан кийин жеткиликтүү деңгээлде каралбай келген.

Райондор аралык болгон бул канал эки райондун ирригациялык системасында негизги роль ойнойт. Ал Ак-Суу районунда 9 миң гектардан ашык, Түп районунда 5 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылат.

"Оңдоо иштерине инфраструктуранын эскирген элементтерин алмаштыруу, жээк тилкелерин бекемдөө жана каналдын бүтүндүгүн калыбына келтирүү камтылган. Бул иш-чаралар каналдын өндүрүмдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатууга багытталган, бул суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга жана аймактагы айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий