• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда ишкерлер тарткан зыяндын суммасы белгилүү болду

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалда ишкерлерге келтирилген чыгымдын суммасы 1 млрд 305 млн 994 миң сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Финансы министрлигинин жана курамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирген комиссиянын баштапкы корутундусу ар башка чыгып жаткан.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирген комиссия санаган чыгымдар ӨКМ жана Финансы министрлигиникине караганда көбүрөөк, ошондуктан биз жергиликтүү органдардын маалыматтарын калтырдык”, - деди ал.

Жунушалиев белгилегендей, жабыркаган ишкерлердин бардыгына бирдей өлчөмдө кенемте төлөө пландалууда, башкача айтканда градациясы жок.

“Бирок, мындан тышкары, ишкерлерге 200 миң сом өлчөмүндө насыя алуу сунушталат. Насыя берүүдө мурда төлөнө элек акчасы бар же жоктугу каралбайт, башкача айтканда, “кара тизме” маселесин алып салабыз. Биз дароо насыя берүүгө даярбыз. Мындан тышкары, кенемте төлөнүп берилет. Ал келтирилген чыгымдар менен дал келет. Бирок, кыдыруунун, эл менен баарлашуунун жүрүшүндө кенемтелер пропорционалдуу болушу керек. Биз кенемтени Баткен жана Лейлек районундагы жашаган жана жабыркаган жарандарга берилгенден көп төлөй албайбыз”, - деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий