• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош – Гүлчө авто жолундагы селдин кесепеттери жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-май күнү жааган жаандан сел пайда болуп, Ош – Гүлчө автожолунун 42, 43 жана 51-чакырымында автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тоскоолдукту жоюу үчүн ыйгарым укуктуу өкүл Жарасул Абдураимов тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

Учурда №959 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан Ош – Гүлчө жолундагы селдин кесепеттери толугу менен жоюлуп, автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий