• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 35 адам ууланган тамактануу жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, уулангандардын баары 27-июнь күнү шаардагы “Ага-ини” тез татым жайынан тамактанган. Аталган окуядан кийин Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7,5 миң сом айып салынды.

Ошондой эле аталган окуяга байланыштуу 30-июнда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен жыйын өткөрдү. Анда аба ырайы кескин жогорулап жаткандыктан шаардагы тез татым, бат бузулуучу эт,-сүт азыктарын, жер жемиштерди көзөмөлгө алып, тез арада рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берилди.

Эскерте кетсек, “Ага-ини” тез татым жайынан 35 адам ууланган. Учурда алардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер бейтаптардын абалы туруктуу экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий