• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Чехиянын консулу менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Чехия Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Джаанбаев менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга “i-LED.cz” компаниясынын башкы директору Ярослав Вебр жана аталган жайдын өкүлү Йозеф Шебен, “Nur Son Energy” компаниясынын башкы жетекчиси Айдар Байдалетов жана Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун алкагында шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Чехия Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Джаанбаев менен шаардын көчөлөрүн, эс алуучу жайларын жарыктандыруу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүп, инвестиция тартуу багытында эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Ага улай Чехия жана Словакияда гана эмес башка чет мамлекеттерге таанымал болгон “ i-LED.cz” компаниясынын ишмердүүлүгү жана алардын көрсөткөн кызматтары туурасында презентация болду.

Пикир

Оставить комментарий