• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Талас» аймактык аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр

Аймак 0

Бишкек, 22.03.24.Кабар/. «Талас» аймактык аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр, деп билдирет «Мана» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш-сапарынын алкагында «Талас» аэропортуна барып, жасалган иштерди текшерүүгө алды.

«Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган аэропорт учактарды жана жүргүнчүлөрдү толук кандуу кабыл алууга даяр.

«Талас» аймактык аэропортунун жаны курулган аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Аэробекеттин учуп келүү, учуп кетүү залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгу чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө баардык шарттары менен толук кандуу жасалды, ошондой эле эне-бала бөлмөсү да бар.

«Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынан сертификаттар алынды, текшерүүдөн өттү. Учурда жүргүнчүлөрдү жана учактарды «Талас» аэропорту кабыл алууга толук кандуу даяр деп баса белгилеп айтууга болот. Бирок бүгүнкү күндө өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан «Тез Жет» авиа компаниясынын учактары жетишпегендиктен, бул багытка каттамды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан «Манас» эл аралык аэропорту» ААК былтыр сатып алган «Dash-8-400» үлгүсүндөгү учактар ушул жылдын май айында келээри менен КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган «МЭА» ААКтын туунду компаниясы «Асман Эйрлайнс» - өлкө ичинде курулган баардык аймактык аэропортторго каттамдарды ачып, элибизге кызмат кылып баштайт», — деди Манасбек Самидинов.

Эске сала кетсек, «Талас» аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган. Саатына 100 жүргүнчүнү тейлей алат жана ички каттамдарды аткарууга багытталган. Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын баардык түрлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий