• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 22.03.24.Кабар/. Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Петр Фёдорович Шубиндин 130 жана П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, расмий чакырылган коноктор, музыка сүйүүчүлөр жана кеңири коомчулук катышты.

Министр өз сөзүндө бүгүн Кыргызстандын кесиптик билим берүү жана чыгармачыл чөйрө үчүн өзгөчө маанилүү күн экенин белгилеп, мектептин мугалимдер жамаатын, тарбиялануучуларын жана бүтүрүүчүлөрүн П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгы жана Кыргызстандын музыка дүйнөсүндө бараандуу орду бар көрүнүктүү педагог, композитор, дирижер, фольклорист Пётр Шубиндин туулган күнүнүн 130 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле министр кесибин сүйгөн,ага жан дили менен менен кызмат кылган Пётр Шубин кыргыз элдик обондорун жана ритмдерин активдүү изилдеп, сактап, биздин улуттук аспаптарды оркестрге салган,оркестрге жаңы аспаптарды кошкон жалпылап айтканда анын искусстводогу жаштар үчүн калтырып кеткен бай мурасы Кыргызстан үчүн эбейгейсиз табылга экенине токтолду.

Таланттарды таптаган, тарыхка бай музыкалык мектептин арышы кенен, чыгармачылыктагы жана билим билим берүүдөгү жолу байсалдуу болсун- деп сөзүн жыйынтыктады.

Куттуктоо сөзүнөн соң Алтынбек Максутов аталган музыкалык мектептин айрым кызматкерлерин министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады.

Кош мааракелик иш-чарада музыкалык мектептин юбилейине арналган тасма көрсөтүлүп, музыкалык мектептин алдында түзүлгөн урма асапаптар тобу, үйлөмө асапаптар тобу, кыл аспаптар тобу, гитара тобу, кыргыз эл аспаптар тобу, скрипач ансамбли, аккордеон ансамбли камералык оркестр жана хор топтору ж.б. “Манас” Президенттик оркестринин жана Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышты.

Маалымат үчүн: Пётр Шубиндин атын алып жүргөн мектеп 85 жылдын ичинде ондогон залкарларды тарбиялап келет. Акыркы 5 жылдын ичинде мектептин чыгармачыл жамааты Евразия мамлекеттеринин Эл аралык музыкалык кароо сынактардын комитети менен келишим түзүп, мектептин окуучуларына жакынкы жана алыскы мамлекеттерде (Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Беларусь, Америка, Италия, Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Татарстан, Мальта, Польша, Швейцария, Бельгия, Азербайжан) өткөн фестиваль, конкурстарга катышты. Натыйжада 180ге жакын окуучу эл аралык музыкалык сынактардын лауреаттары болушту.

Андан тышкары, 2020-жылдан баштап мектептин мүдүрү Гүлзинат Суранчиева автор жана уюштуруучу болуп мектептин эмгек жамааты менен биргеликте Кыргызстанда жалгыз 7-14 жашка чейин балдарга арналган “Обон” аттуу Эл аралык сынакты ачышты. Сынак эки жылда бир өтүп келе жатат. “Обон” музыкалык сынагы региондогу материалдык жактан жетишпеген, шарты жок музыкалык мектептердин окуучуларына чоң мүмкүнчүлүк берип, чет мамлекетке чыкпай эле борбор калаабыздан башка өлкөлөрдөн келген балдар менен чоң жарышка чыкканга шарт түздү.

2023-жылдын май айында Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен Гүлзинат Суранчиева автор болуп П.Ф. Шубин мектебинин жамааты менен биргеликте I Эл аралык “Виват,Рояль!” аттуу пианисттердин фестивалын чоң ийгилик менен өткөрүштү.

Мектептип окуучуларынын аткаруусунда көптөгөн чыгармалар УТРК каналынын “Алтын казынасына “жазылды.

Ушул чоң ийгиликтердин артында мугалимдердин күнүмдүк күжүрмөн эмгеги, мыкты коллективдин Кыргызстандын музыкалык искусствосуна кошкон зор салымдары жатат.

Пикир

Оставить комментарий