• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тайланддын чемпионаты: Кыргызстандык волейболчу ойногон "Эйр Форс" командасы экинчи ирет жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Тайланддын чемпионатында кыргызстандык Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасы экинчи ирет жеңишке жетти. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

"Эйр Форс" командасы 26-февралда "Висакха" командасы менен оюн өткөрүп, 3:1 эсебинде аны утуп алды.

Темир Муса уулу буга чейинки оюнда дагы атаандашын жеңип алган. Бирок, ал оюнда жаракат алгандыгына байланыштуу "Висакха" командасы менен болгон беттештин экинчи бөлүгүндө гана оюнга кошулду.

"Эйр Форс" командасы 6 упай топтоп, тизменин сап башында келе жатат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу Темир Муса уулу Тайланддын чемпионатында ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий