• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Италиядан 2 кыргыз жараны келди. Өмүрбекова кырдаалды дыкат иликтөөнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарына Италиядан Кыргызстандын 2 жаранын келиши боюнча кырдаалды дыкат иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттеги жалпы жыйында бүгүн эртең менен Италиядан келген Кыргыз Республикасынын 2 жаранын дене табын текшерип туруп эле коё бергендери боюнча айткан.

Өмүрбекова бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий