• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө ишкердик субъекттердин санитардык талаптарды аткаруусуна текшерүүлөр жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ишкердик субъекттердин санитардык талаптарды аткаруусуна текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"30-апрелден баштап азыркы учурга чейин коронавирус инфекциясынын коркунучун алдын алуу жана андан ары таралышына жол бербөө максатында, облустун санитардык кызматы тарабынан 822 санитардык буйрутма берилип, 788 изилдөө жүргүзүлгөн. Санитардык ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 18 протокол түзүлүп, эскертүү жөнүндө 5 токтом чыгарылды жана 13 жооптуу, анын ичинде, 3 май куюучу жайга, 3 тамактануучу жайга, 5 азык-түлүк дүкөнүнө, 2 курулуш дүкөнүнө айыппул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий