• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында болду.

Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик желектин авторлорун куттуктап, алардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Туусу – мамлекеттин негизги белгиси. Мамлекеттик желектин өзгөчө маниси бар. Бул жөн элестүү сүрөт эмес, сыймыктуу нерсе», – деди вице-премьер-министр.

Мамлекеттик туунун авторлору өкмөткө өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Биз Кыргызстандын желеги бийик көтөрүлгөн сайын сыймыктанабыз. Биз туунун авторлору болгондугубуз үчүн эмес, бул биздин өлкөнүн негизги символу экенине сыймыктанабыз», – деп белгилешти туунун авторлору.

Мындан тышкары жолугушууда желектин авторлорунун көз карандысыздыкты бекемдөөгө кошкон салымын эске алып, аларга колдоо көрсөтүү маселеси дагы талкууланды.

Мамлекеттик туунун авторлоруна премьер-министрдин атынан белектер берилди.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров и Маматбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий