• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропортунда сөөгү табылган жаран. Шектүү Россиядан кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Оор кылмыш жасап издөөдө жүргөн жаран Россия мамлекетинде жүргөндүгү аныкталып кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 23-октябрында "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында автоунаанын жүк салуучу жайынан дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү колу-буту байланган абалда табылган. Ал чоң суммадагы акча ташып иштегени аныкталган.

Өз кезегинде окуяга тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал мурда бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон Ош шаарынын тургуну 1991-жылы туулган А.М. экендиги аныкталган. Бирок ал жаран изин жашырып качып кетип, ага эл аралык издөө жарыяланган.

ИИМ кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чаралары улантылып, жогоруда аталган 1991-жылы туулган А.М. жүргөн жери аныкталып, Россиянын аймагында кармалып, камакка алынды.

Учурда кармалган кылмышкерди КР экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий