• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептерде окуу салттуу, дистанттык жана аралаш түрдө жүргүзүлөт - Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Мектептерде окуу салттуу, дистанттык жана аралаш түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, менчик түрүнө карабастан мектептерде окуу эки негиздемеге ылайык аныкталат: санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык (биринчиси) же экинчиси - ата-энелерге окутуу формасын тандоо укугу берилип, окуу ата-энелер менен мектептин ортосундагы келишимге ылайык жүргүзүлөт.

Мектептерде окутуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- Салттуу. Эмидемиологиялык абал туруктуу, балдар менен мугалимдердин саламаттыгына коркунуч келбеген аймактарда - "жашыл зоналарда" 1-11-класстар салттуу түрдө окушат. Мектепте балдардын саны абдан аз болсо нөөмөт класстары ачылышы мүмкүн.

- Салттуу-дистанттык аралаш окутуу. "Жашыл зона" болбогон аймактарда 1, 5, 9 жана 11-класстар үчүн окутууну салттуу түрдө өткөрүү сунушталууда. Класстар балдардын санына жараша топко бөлүнөт. Мисалы, бир топ дүйшөмбү, шаршемби күнү келип окуса, экинчи топ шейшемби, бейшемби күндөрү окуйт.

- эпидемиологиялык абал турукташканга чейин калк жыш жайгашкан аймактарда - шарттуу атаганда "кызыл зоналарда" 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10-класстар дистанттык түрдө билим алат. Балдардын саны аз мектептерде 2-класстын окуучуларын салттуу түрдө окутуу каралышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий