• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Менди Мамазаированын 80 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өттү

Маданият 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Кыргыз эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдык маарекесине арналган “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кече болуп өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, акындын чыгармачылык кечесине маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, “ТҮРКСОЙ” уюмунун башкы катчысы Султан Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышты.

Ошондой эле акындын чыгармачылык кечесине анын жакын санаалаштары болгон белгилүү маданият ишмерлери да катышты.

Катышуучулар акындын кыргыз поэзиясындагы салмактуу ордун, турмуштук терең философияны камтыган чыгармалары тууралуу кеңири сөз кылышып, акынды 80 жаш кутман курак маарекеси менен куттукташты.

Андан соң, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери тарабынан көп кырдуу талант ээси Меңди Мамазаированын чыгармаларынын негизинде театрлаштырылып даярдалган поэзия кечеси көрүүчүлөргө тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий