• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дем алыш күнү "Бурана" эл аралык мода жумалыгынын 7-сезону өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында 20-ноябрда "Бурана" эл аралык мода жумалыгынын 7-сезону өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин баса сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага 20 ата мекендик жана чет өлкөлүк дизайнерлер катышат.

"Бурана фешн" Кыргызстандын мода индустриясындагы эл аралык деңгээлдеги жалгыз платформа болуп саналат. Бүгүнкү күндө компания дүйнөдөгү 50 өлкөнүн өнөктөштөрү менен иштеп жатат.

Иш-чаранын башкы максаты – жаш дизайнерлердин ишин илгерилетүү, салттуу жана заманбап моданы өнүктүрүү.

Пикир

Оставить комментарий