• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз кинолору Даккадагы эл аралык кинофестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 08.01.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Бангладештин борбору Дакка шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргызстандан 5 тасма катышат. Ал ушул жылдын 10-18-январь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду кабарлады.

17-ирет өтүп жаткан бул фестивалды “Rainbow” (“Күн желеси”) кино коомчулугу өткөрүүдө.

Аталган фестивалда 72 өлкөдөн келген 220 тасма бир нече сынактык программада ат салышат.

Бул эл аралык фестивалдагы негизги сынакка – азиялык тасмалардын сынагына Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры”, режиссер айымдардын тасмалары катышкан бөлүктө Елизавета Стишованын “Сулайман -Тоо” жана Чолпонай Бөрүбаеванын “Өмүр” тасмалары ат салышат.

Ошондой эле фестивалда Айзада Алымбек кызынын “Өзөк”, Асель Чоткараеванын “Периште” фильмдери көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий