• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкекте Ч. Айтматовдун стеласынын ачылышы болуп өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Эртең Бишкекте россиялык скульптор Иван Дубровин белек кылган, кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стеланын ачылышы болуп өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Евразиялык академиянын академиги, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, анын ачылышы эртең, 19-апрелде саат 12:00дө Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын жанында болуп өтөт.

"Долбоор бир жыл мурун жаралган. Анда кесипкөй адамдардын командасы иштеп, аны бизге, кыргызстандыктарга белекке беришти. Башкы скульптор Иван Дубровин стеланы кыргыз элине берүүгө кубануу менен макул болду", - деди ал.

Ал эми Дубровин белгилегендей, Кыргызстанда келгенде аны табият, аба ырайы жана меймандос адамдар таң калтырган.

"Алгач ирет Ысык-Көлдө болгондо, Ысык-Көлдүн энергетикасына, элдин ачык маанайына таң калгам", - деди ал.

Ал бул стела Татарстанда коюлушу керек болгонун, бирок Ассоль Молдокматованын айтымы менен ал Бишкекте орнотуларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий