• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Залкар жазуучу Айтматовдун жашоосунан сейрек кадрлар

Маданият 0

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Анын мааракеси өз мекенинде гана эмес, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө белгиленип жатат. Анын ысымы Ташкенттеги, Астанадагы, Екатеринбургдагы көчөлөргө, Минсктеги, Москвадагы сейил бактарга берилген.

Жазуучу ондогон чыгармаларды жазып, бүткүл дүйнөгө атагы чыккан. Анын чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Айтматовдун чыгармалары бир катар өлкөлөрдөгү мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуу программаларына кирген. Анын эмгектеринин негизинде тасмалар тартылууда.

Ал Европа илимдер, искусство жана адабият академиясынын мүчөсү, бир катар сыйлыктардын ээси. Анын ичинде Дж.Неру атындагы эл аралык сыйлыктын, европалык адабий сыйлыктын, Ф.Рюккерт атындагы бавар сыйлыгынын, В.Гюго атындагы ардактуу маданият сыйлыгынын, Ленин жана СССРдин 3 мамлекеттик сыйлыгынын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.

Чыгармачылык ишмердүүлүгүнөн сырткары Чыңгыз Айтматов дипломат болгон. Ал СССРдин Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчисинин кызматын бир нече жыл аркалаган. Советтер союзу тарагандан кийин Кыргызстандын бул өлкөлөрдөгү элчиси болуп иштеген.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд “Кабар” агенттигине жазуучунун жеке альбомунан сүрөттөрдү берди.

Ч.Айтматов жубайы Мария Айтматова, кызы Ширин жана уулу Эльдар менен

1-сүрөт. Ч. Айтматов кызы Ширин жана уулу Эльдар менен. 2-сүрөт. Ч.Айтматов уулдары Санжар жана Аскар менен. 3-сүрөт. Ч.Айтматов атасы Төрөкул Айтматов, апасы Нагима Абдувалиева жана кичүү иниси Ильгиз менен.

“Ак кеме” тасмасын тартуу учурунда.

Үй-бүлө. Агасы жана эжелери менен.

Люксембург. Ч.Айтматов үй-бүлөсү жана буддалык ойчул, философ, жазуучу Дайсаку Икеда менен.

Дипломатиялык миссия учурунда

Айтматов атактуу шахматчы Анатолий Карпов менен

Ч.Айтматов жана манасчы Саякбай Каралаев

Ч.Айтматов академик Дмитрий Лихачев менен

Айтматов америкалык драматург Артур Миллер менен

Венеция. Ч.Айтматов испаниялык окумуштуу жана жазуучу Федерико Майор менен

Ч.Айтматов немис жазуучусу Фридрих Хитцер менен

Ч.Айтматов италиялык кинорежиссёр жана сценарист Антониони Микеланджело жана кинорежиссёр Болот Шамшиев менен

Ч.Айтматов опера ырчысы Болот Миңжылкыев жана актёр Сүймөнкул Чокморов менен

Ч.Айтматов актёр Сүймөнкул Чокморов жана Төлөмүш Океев менен

Айтматов Сокке Гаккай университетинде лекция окуп жатып

Пикир

Оставить комментарий