• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экс-президенттер Отунбаева менен Атамбаев Эгемендүүлүккө арналган салтанатка чакырылды

Саясат 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага чакырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Эске сала кетсек, 31-августта КР президенти Сооронбай Жээнбеков, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышат.

Ошондой эле иш- чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий