• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар Эйфель мунарасынын жанынан улуттук бий бийлешти

Маданият 0


Бишкек, 2-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектеги “Акылтай” мектебинин окуучулары Париждеги Эйфель мунарасынын жанынан кыргыз улуттук бийин бийлешти. Бул тууралуу мектептин администрациясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 18-22-май күндөрү Езопе (Италия) шаарында өткөн эл аралык фестивалга катышып, калыстар тобун таңкалдырган окуучулар, хореграфия боюнча атайын белек алышты. Окуучулар Италиядагы Венеция жана Падуя шаарларында, ошондой эле, Франциянын борбору Парижде болушту.

“Парижде окуучулар Эйфель мунарасынын жанынан бийлешип, туристтердин өзгөчө көңүлүн бурдурушту. Бардык чет өлкөлүктөр суктануу менен сүрөт жана видеого тартып жатышты. Окуучулар жана балдардын ата-энелери Кыргызстанды Парижде таанытууга сыймыктанышууда”, -деп белгилешти мектептен.

Пикир

Оставить комментарий