• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алайда ат оюндарынын фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Алай районундагы Тулпар-Көл көлүнүн жээгинде 22-июлда ат оюндарынын фестивалы өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, фестивалдын максаты Алай өрөөнүндө туризмди жайылтуу болуп саналат.

“Бул фестиваль Алай өрөөнүндө туристтик сапатты жакшыртуу болуп саналат. Биз элибиздин тарыхын жана салтын чагылдырган көптөгөн маданий иш чараларды пландаштырдык. Эң кызыктуу бөлүгү – ат жана топоз оюндары”, - деп белгилешти уюштуруучу VisitAlay уюмунун өкүлдөрү.

Фестиваль фольклордук музыка, кийиз буюмдардын көргөзмөсү, улуттук оюндар жана бийлер менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий