• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте түрк киносунун жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 11-июлда Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолукту.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар 21-25-июлга чейин белгиленген “Түрк киносунун жумалыгын” өткөрүүнү талкуулашкан.

Иш чаранын алкагында бир катар түрк кинолорун тартуулоо пландалууда. Ошондой эле, жумалыктын гала-ачылышында түрк кинематография тармагындагы белгилүү жылдыздарынын катышуусу күтүлүүдө.

Өз кезегинде Жунусов маданий-гуманитардык иш чараны уюштуруу, кыргыз-түрк элинин достук мамилесин арттырат деп белгиледи.

Түрк тасмалары Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында уюштурулуп, кирүү акысыз болот.

Пикир

Оставить комментарий