• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таластагы Теодор Герцен атындагы музейди Маданият министрлигинин карамагына алуу пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейди Маданият министрлигинин карамагына алуу пландалып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, маданият министри Азамат Жаманкулов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейине барып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Жолугушууда аталган музейди Маданият министрлигинин карамагына алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Сүйлөшүү учурунда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу талкууланган.

Министрлик буга чейин алар тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңеши менен биргеликте Теодор Герцен атындагы көркөм
сүрөт музейди мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүп келгенин белгилейт.

Маалымат үчүн: Алгач музей 1959-жылы Ленинполь районунун (Бакай-Ата) Орловка айылында (азыркы Ак-Дөбө) сүт товар ферманын 1 бөлмөсүндө ачылган. Анда Теодор Герцен өзүнүн уулу Теодор менен иштей баштаган. Кийин музей эски мектептин имаратына көчүрүлгөн. Азыркы музейдин имараты 1989-жылы салынып, пайдаланууга берилген. Музей экспонаттарга бай жана анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар. Теодор Герцендин өзүнүн жана уулу Теодордун эмгектеринен тышкары музейде мурунку СССРге кирген 15 республиканын сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери да орун алган.

Пикир

Оставить комментарий