• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новопавловка айылынын 11 миңден ашуун жашоочусу жаратылыш газына кошулду

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» Новопавловка айылынын үч тилкесин газдаштырууну ийгиликтүү аяктады. Эми жаратылыш газы дагы 11 миңден ашык адамга жеткиликтүү болду. Бул үчүн компания 42 км газ бөлүштүрүүчү тармак курган.

Күн мурун айылдын үч тилкесине жаратылыш газын берүү салтанаттуу аземи өттү. Иш-чарага жергиликтүү тургундар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.

Новопавловка Чүй облусунун ири калктуу конуштарынын бири болуп саналат. Ошондуктан айылды газдаштыруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Долбоордун жыйынтыгы боюнча мында 146 км газ бөлүштүрүүчү түйүндөр курулат.

Илияз Ташкулов, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы: «Бул биз үчүн абдан кубанычтуу окуя. Кара түтүн менен күрөшүүдө газды колдонуу маанилүү. Биз электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгы жөнүндө айтып жаткан учурда, газ үйдү жылытууга сонун альтернатива. Абдан кубанычтабыз жана газдаштыруу менен биздин айыл гана эмес, республикабыздын мүмкүн болушунча көп калктуу пункттары камтылышына дагы кызыкдарбыз. «Газпром Кыргызстанга» Сокулук райондук администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, аба ырайынын шарттарына карабай, иштерди мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп, суук түшкөнгө чейин бардык иштер сапаттуу аткаргандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем».

Айылдын тургундарына жаратылыш газынын берилиши көптөн күткөн окуя болду. Алар өзүнүн чарба тиричилигинде экологиялык энергоресурсун пайдалануунун артыкчылыктарын байкашууда.

Саадакан Жоробаева, Новопавловка айылынын тургуну: «Мурда үйдү жылытууга көмүр сатып алчубуз. Арзан баада сатып алуу үчүн алдын ала кезекке турмай. Орточо алганда 5 тоннадан сатып алабыз. Бул көлөмдөр жазга чейин да жетчү эмес. Күнү-түнү мештин жанында көмүр, отун жагып убара болчубуз, андай кылбасаң үй тез эле муздайт. Ал гана эмес, күлдү дайыма тазалап, чаң менен дем алууга туура келген. Сыртта дайыма кара түтүн турат. Эми газды жылытууда колдонуу менен ыш-түтүн азайып, ден соолугубузга оң таасирин тийгизет».

«Газпром «Кыргызстан» өкүлдөрү бул Новопавловканы газдаштыруунун башталышы гана экенин белгилешти. Жакын арада айылдын бардык тилкелерине газ берүү пландалууда.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан» инвестициялык программасынын алкагында үстүбүздөгү жылы Бишкек жана Чүй облусунун 12 калктуу конушун газдаштырууну пландап жатат. Бул үчүн компания 218 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармактарды курат. Ишенимдүү жана экологиялык таза энергоресурстан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн 40 миңден ашуун адам ала алат.

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары: «Бүгүн Новопавловка айылынын үч тилкесине жаратылыш газын бере баштадык. Биз дагы, элеттиктердей эле, бул окуяга кубанычтабыз. Биз үчүн бул эң ири курулуштардын жана инвестициялык долбоорлордун бири. «Газпром Кыргызстан» иштеп баштагандан бери 1250 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармак куруп, 53 калктуу конушту газдаштырган. Газ берүү коопсуз жана туруктуу болушу үчүн республиканын түндүгүндөгү бардык газ инфраструктурасын жаңыладык, газ бөлүштүрүүчү станцияларды, магистралдык газ өткөргүчтөрүн реконструкцияладык, заманбап газ объектилерин курдук, атайын техникаларды жаңыладык. Быйыл экологиялык көйгөйдү чечүүдө өзүбүздүн олуттуу салымыбызды кошуу үчүн газдаштырыла турган конуштардын санын 2ден 12ге көбөйттүк. Мунун баары жашоочулардын күнүмдүк тиричилигин ыңгайлуу жана коопсуз кылуу үчүн жасалууда».

«Газпром Кыргызстан» газды үзгүлтүксүз берүүнү камсыздап, республиканы газдаштыруунун жана газ менен камсыздоонун башкы схемасынын алкагында газ инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу менен газды ишенимдүү жеткирүүчүнүн ролун ырастайт. Компания иштеп баштагандан бери өлкөнүн 270 миң тургунун жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылды.

Пикир

Оставить комментарий