• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыгында дарыянын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы 80 пайызга аяктады.

Долбоорго ылайык, узундугу үч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, 14 терраса заманбап жарыктандырылып, жашыл аймактары бар кичи аралдар жасалууда.

Жумуштарды үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү болжолдонууда.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын өркүндөтүү боюнча "Аймактарды экономикалык өнүктүрүү" биргелешкен алты долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий