• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошко Екатеринбургдан кыргызстандык 219 жаран кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта Ошко «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын «Екатеринбург-Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди. Алардын арасында эки жашка чейинки 12 бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

Бул каттам менен Ошко Кыргыз Республикасына кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехарда Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Надым, Курган жана Пермден кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда "Урал авиалиниялар" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий