• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бакинский көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы өз билемдик менен мыйзамсыз курулган курулуштар сүрдүрүлүп алына баштады.

"Учурда атайын техниканын жардамы менен иш жүрүүдө. Алдыда башка аймактарда да мындай курулуштар бузулат. Шаар мэри Алмаз Мамбетов бул боюнча талап коюп, иретке келтирүү тапшырмасын берген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий