• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: Коррупцияга каршы кызмат адамдарынын ээлеген статусуна, абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүүдө

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. «Коррупцияга каршы кызмат адамдарынын ээлеген статусуна жана абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүп жатат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик ЖМКлар үчүн өткөн маалымат жыйынында.

Мамлекет башчысы мындай убакыт аралыгындагы иштин жыйынтыктарынын бири болуп зыяндын ордун толтуруунун көрсөткүчтөрү эсептелерин айтты.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында:

- сотко чейинки өндүрүштө бардыгы болуп 854 иш боюнча тергөө жүргүзүлгөн;

- келтирилген зыяндын кайтарылган суммасы – 7 млрд 464 млн сомду түздү.

«Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Жакынкы аралыкта Кеңештин алгачкы отуруму өтөт»,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий