• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жалал-Абадда жолдо күтүп турган жашоочулар менен атайын токтоп жолукту

Президент 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жолдо баратып атайын токтоп, аны күтүп турган жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармакка жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчысы алардын маселелерин угуп, жооп берип, тийиштүү маморгандарга тапшырмаларды берди.

"Ошондой эле жергиликтүү тургундарга облус борборлорунда ипотекалык турак-жай программасынын алкагындагы жарандар үчүн жеңилдетилген шартта турак-жайлардын курулушу жана башка социалдык-экономикалык долбоорлор тууралуу айтып берди", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий