• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбеков менен Сауд Арабиянын королу кызматташтыкты талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолугушту.

Тараптар кеңейтилген жана чакан курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечектери талкууланды.

Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алып, анын расмий визити эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын делегациясын жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, Сауд Арабиясы менен кызматташууну өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелерин тереңдетүүнүн маанисин белгилеп, кыргыз-сауд экономикалык өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар кызматташуунун бардык тармактарында эки тараптуу өз ара кызматташууга даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий