• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен жолугушту - эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда, Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, эки мамлекет башчылары Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев мындан ары да эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча өз ара аркеттешүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий