• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нуркамал Асканованын өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Нуркамал Асканова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-Март айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

1993-жылы Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. КТРКнын дээрлик бардык редакцияларында иштеп, бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган:

— 2000-2006-ж.ж. — «Шок-Факт» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;

— 2002-2008-ж.ж. — укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссеру;

— 2003-жылы Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтунан таалим алган;

— 2007-жылы — дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген «Кайдасын?» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

— 2013-2014-ж.ж. — Россия Федерациясынын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган «Кыйырдагы кыргыздар» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

Россиянын «Биринчи каналындагы» «Жди Меня» программасы менен, 2017- жылдан бери Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн «Жди Меня» долбоору менен ийгиликтүү кызматташып келген.

— 2021-жылы февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн «Маалымат» бөлүмүнүн баяндамачысы.

— 2021-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

Сыйлыктары:

— 2003-2014-ж.ж. НТРК, УТРК, КТРК Ардак Грамотасы;

— 2006-жылыТВ отличниги;

— 2007-жылы «Жылдын мыкты долбоору»;

— 2010-жылы «Мыкты журналист»;

— 2015-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери»;

— 2019-жылы КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

— 2019-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий