• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Мамытов жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуу Орозо айынын соңунда белгиленүүчү ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Бир ай аралыгында көпчүлүк кыргызстандыктар Орозо тутуп, ишенимин бекемдөө аркылуу өлкөбүз үчүн тынчтыкты жана ынтымакты тилек кылышты. Жараткан кармаган Орозоңуздарды кабыл кылып, бардык тилек-үмүттөрүңүздөргө жеткирсин!

Орозо айт – отуз күн туткан ыйык орозобуздун руханий тазаруу, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу ѳзгѳчѳ касиеттерин жалпыга жайылтат. Бул майрам мусулмандарды баш коштуруп, дилин бириктирип, боордоштук, бир туугандык байланыштарын чыңдайт, жалпы дүйнѳнү кайрымдуулукка үндөйт.

Кымбаттуу мекендештер!

Жараткан ар бириңиздерге бакыт жана бакубатчылык тартуулап, мамлекетибизге биримдик жана ынтымак алып келсин! Кыргызстаныбыз өнүгүп, жергебизде тынчтык болсун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!".

Пикир

Оставить комментарий