• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Жогорку Кеңештеги фракциялардын жана тармактык комитеттердин мүчөлөрү, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери, андан тышкары бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде ушул жылдын 25-июнундагы аталган Кеңештин жыйынынын протоколунун аткарылышы каралып, эркин экономикалык аймактардагы (ЭЭА) субъектилердин көйгөйлөрү жана аны регулятивдүү реформалоо боюнча кабыл алынган чечим тууралуу Экономика министрлигинин өкүлүнүн отчету угулду.

Ошондой эле, жыйында инвесторлорго инвестиция тарткандыгы үчүн Кыргызстанда жашап туруу укугун же болбосо жарандык берүү системасын киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдөө боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйын соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков катышуучуларды күн тартибинде каралган маселелер боюнча бир катар сунуштарды кабыл алууга чакырды. Анын ичинен Өкмөткө эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдарга бир ай аралыгында өзгөртүү киргизүү жана бул боюнча Жогорку Кеңештин да депутаттары мүчөлүк кылган жумушчу тобун түзүү сунуштары берилди.

Пикир

Оставить комментарий