• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкент Москвадан Каримованын мүлкүн камакка алууну суранды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 25.08.17. /Кабар/. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын Росиядагы кыймылсыз мүлкүн камакка алуу өтүнүчү менен орус бийлигине кайрылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Каримованын Москвадагы "Камелот" комплексинде пентхаусу, Рублевкада хан сарайы жана 8 батири бар болчу. Ялтада болсо мейманкана, турак-жай жана жер тилкеге ээлик кылып келген.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова боюнча 28-июлда биринчи жолу расмий маалымат берген. Анда 2015-жылы Каримованы камакка алуу чечими чыкканы, кошумча айыптар да коюлушу ыктымалдыгы жана иликтөө-тергөө амалдары улантылып жатканы айтылат.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Каримова жана анын тобунун мүчөлөрү акча өндүрүү, акчаны кымырып алуу жана салыктан качуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Натыйжада быйыл 45ке чыккан Каримова айымга карата беш жылга "эркиндигин чектөө" чечими чыккан.

Буга чейин Каримова 2014-жылдан бери Ташкентте үй камагында жатканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий